АРИСтин АИД-3 кошумча каржылоо долбоорунун алкагында бизнес өнөктөштөрдү кызматташууга чакыруу. Урматтуу Сокулук районунун Кун-Туу айыл аймагындагы бизнес өнөктөштөр, Кун-Туу айылдык аймагынын Айылдын коомчулуктарынын инвестициялык ассоциациясы АРИСтин АИД-3 КК долбоорунун алкагында баардык кызыктар тараптарды төмөнкү багыттагы Кошумча нарк чынжырчалары боюнча экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташууга чакырат КНЧ: “Сут”, “Эт”, “Дан осумдуктору”, “Сафлор”, “Бал”, “Клубника”, “Малина” "Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн сублимациялоо/лиофилизациялоо жана жашылчаларды шок тоңдуруу боюнча ишкана" Кызматташу - жергиликтүү коомчулуктун киреше булактарын колдоо боюнча бизнес долбоорлорду ишке ашырууда АКИАнын, Айыл өкмөттүн жана АРИСтин өнөктөшү катары экономикалык долбоорлорго катышуудан турат. Бизнес өнөктөш өзүнүн сунушун бизнес план катары иштеп чыгат. Жергиликтүү коомчулук тарабынан колдоого алынган жана долбоордун талаптарына жооп берген сунуштар АРИС тарабынан каржыланат. Бул айыл аймагы үчүн АРИС тарабынан экономикалык долбоорду каржылык колдоонун көлөмү 5 682 300 сомдун чегинде болушу мүмкүн Кызыктар тараптар 14 кундун ичинде, 2023-жылдын 18-апрелинен кечиктирбей даярдалган бизнес долборун жана кызыктар катын тапшыруу керек, тапшыруу үчүн шилтеме аркылуу өтүңүз https://docs.google.com/document/d/1LhRO0ee4tOWa49VtXxd0rmb-fcMRY6k_/edit кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү байланыш номерлери менен байланышыныздар. Ватсап:0556 92 92 04 Тел.: 0502 06 00 01 Эл.почта: [email protected] Адрес:__________________
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation